Биз менен байланышыңыз

Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулун бошотту

Кыска кабар | 16 Июл 2023 | 872 | 0

Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулун өлкөдөн сыртка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотту.

Мындай чечим бүгүн, 16-июлдагы отурумда кабыл алынды.

Кылмыш-жаза Кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмү менен Улукбек Карыбек уулунун кармалгандыгы мыйзамдуу деп табылды. Блогер сот залынан бошотулду.

Улукбек Карыбек уулу 14-июлдун кечинде Бишкекте кармалып, Ошко жеткирилди.

Ички иштер министрлиги ал милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегенин жана бейбаштыкка шек саналып, 48 саатка камакка алынганын кабарлаган.

Карыбек уулу Оштогу төрөтканалардын биринин баш дарыгери Асылкан Асанованын арызынын негизинде кармалды.

Copyright © 2017 Maral FM