Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея Украинага жардамды көбөйтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2023 | 276 | 0

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Украинанын борбору Киев шаарына барып, Түштүк Корея былтыркыга салыштырмалуу Украинага колдоо көрсөтүүнүн масштабын кеңейтүү ниетинде экенин билдирди.

Анын айтымында, Киевге гуманитардык жардамдын көлөмү көбөйүп, быйыл 150 миллион долларды түзөт. 2022-жылы Сеул Украинага жалпысынан 100 миллион доллар бөлгөн, анын ичинде фронт үчүн ок өтпөс жилеттер жана каскалар берилген.

BBC маалымат агенттигинин орус кызматы жазгандай, Киев буга чоң үмүт артып жатканы менен азырынча курал-жарак жеткирүү жаатында эч кандай келишимдер түзүлө элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасына Түштүк Корея президент менен коопсуздук маселелерин жана эки өлкөнүн башка тармактардагы кызматташуусун талкуулаганын жазды.

Бул Түштүк Корея лидеринин Украинага жасаган биринчи сапары. Түштүк Кореянын бийликтери көбүнчө согушуп жаткан өлкөлөргө курал бербейт, бирок орустар Украинага басып киргенден бери Украина үчүн өзгөчөлүк кылуу чакырыктары көбөйүүдө.

Түштүк Корея буга чейин Украинага курал-жарак берүүдөн баш тартып, гуманитардык жардам менен гана чектелип келген.

15-июлда Түштүк Кореянын президенти Киевдин жанындагы Буча шаарына, ошондой эле согуш учурунда бир топ талкаланган Ирпинге да барды.

Copyright © 2017 Maral FM