Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист Эртай Исаков суракка чакырылды

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 472 | 0

Жарандык активист Эртай Исаков инстаграм баракчасы аркылуу милиция кызматкерлери аны Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө алып бара жатканын билдирди.

Анын айтуусунда, ал Сокулуктагы Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары уюштурган нааразылык акциясы боюнча суракка чакырылды. Эртай Исаков жашоочуларды Түштүк магистралды тосууга чакырганы айтылууда. Активист күбө катары сурак берет.

Кечээ, 14-июль кечинде Бишкекке жакын жайгашкан Селекция айылында жергиликтүү тургундарсуу маселесине байланыштуу нааразылык билдирип, Түштүк магистралдын бир бөлүгүн жабышкан. Тургундар үч айдан бери суу жетпей жатканын айтышкан.

Эртай Искаков Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз берген. Ушул эле округда 28-майда өткөн шайлоодо да ат салышып 1317 добуш алган.

Copyright © 2017 Maral FM