Биз менен байланышыңыз

16-июлда айрым аймактарда өткүн өтөт

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 204 | 0

16-июлга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +18…+20, күндүзгү жогорку температура +34…+36 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM