16-июлга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +18…+20, күндүзгү жогорку температура +34…+36 градус болот.