Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Блогер Улукбек Карыбек уулу боюнча материалдар сотко өттү

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 269 | 0

Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулу милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен, ага карата топтолгон материал сотко жөнөтүлгөнүн кабарлады.

ИИМдин маалыматы боюнча, 10-июлда ИИМдин күзөт кызматынын кызматкери К.Д. Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына саат 16:52 чамасында блогер Улукбек Карыбек уулу видео тартуу тобу менен кирип, күзөт кызматынын кызматкеринин министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган учурда «ЖМК жөнүндө»  мыйзамга таянып кабылдамадан чыкпай, коомдук тартипти бузган.

Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Блогердин жүргөн жери аныкталып, Укук бузуу кодексинин 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен милицияга жеткирилген.

Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Ош шаардык милициясы Улукбек Карыбек уулу «бейбаштык» боюнча 48 саатка камалганын билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Улукбек Карыбек уулунун Ош жана Бишкек шаарларындагы клиникаларда дарыгерлердин иштөөсүнө тоскоолдук кылган деген айып менен кармалганына байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Кыргызстандын медицина кызматкерлери өз милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарып, ден соолугун тобокелге салып, коомдун саламаттыгы үчүн иштеп жатканы айтылат.

Министрлик эгер медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн мыйзамсыз акча чогултуу боюнча конкреттүү фактылар же далилдер болсо, жетекчилик ар бир кайрылууну карап чыгууга, чара көрүүгө даяр экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM