Биз менен байланышыңыз

Блогер Карыбек уулунун кармалышы боюнча милициянын маалыматы

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 472 | 0

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы блогер Улукбек Карыбек уулу «бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, 7-июлда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгына облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асанова кайрылып, белгисиз журналисттер төрөт үйүндө уруксатсыз видео-тасмага тартып жаткандыгын айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Төрөт үйүнүн кызматкерлери Улукбек Карыбек уулун киргизбей койгон. Блогер өзүнүн эки шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок санитардык нормаларды сактабай жандандыруу бөлүмүнө кирип барган.

Милициянын маалыматына караганда, Ош облустук бириккен клиникалык төрөт үйүнө 36 996 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Азыркы учурда Улукбек Карыбек уулуна Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) белгилери менен кылмыш иши козголду. Өзү ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM