Биз менен байланышыңыз

Блогер Улукбек Карыбек уулу 48 саатка камакка алынды

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 1002 | 0

Блогер Улукбек Карыбек уулу 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу блогердин фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазылды.

Кечээ, 14-июлда кечке жуук милиция Улукбек Карыбек уулун кармап, Ош шаарына алып кеткен.

Маалыматтарга караганда, Улукбек Карыбек уулуна бейбаштык боюнча иш козголду. Укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.

Улукбек Карыбек уулунун үстүнөн Ош облустук төрөт үйүнүн айрым кызматкерлери арызданган.

Блогердин жакындары анын мыйзам бузбаганын, төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар видео камерага жазылып алынганын айтууда.

Улукбек Карыбек уулу акыркы жолу «Ош облустук оңолбос төрөт үйү» аталышында материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM