Биз менен байланышыңыз

Жапаров Түштүк Кореянын президентин Кыргызстанга чакырды

Кыска кабар | 15 Июл 2023 | 115 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Кореянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэкти кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгы, өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу, парламенттер аралык алакалардын өнүгүп келе жатканы белгиленди.

Садыр Жапаров 2019-жылы Кореянын премьер-министри, 2021-жылы Улуттук Ассамблеянын спикеринин Кыргызстанга болгон сапарлары Кыргыз-Түштүк Корея кызматташтыгынын тарыхындагы маанилүү окуялар болгондугун айтты жана Кореянын президенти Юн Сок Ёлду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Түштүк Корея менен Кыргызстан 14-июлда «Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу» долбоору боюнча макулдашууга кол койду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандарына виза берүү маселелерине басым жасап, виза берүүнүн жеңилдетилген тартибин карап чыгууну өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM