Биз менен байланышыңыз

Киши көптүгүнөн Ысык-Көлгө кошумча  каттамдар даярдалды

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 77 | 0

Бишкектин автобекеттеринде Ысык-Көлгө жөнөгөн жарандардын саны көбөйүүдө, буга байланыштуу кошумча  каттамдар даярдалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошумча маршруттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 30га жакын кичиавтобус жана 3 автобус сүйлөшүп, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизди.

Ошондой эле каттамга чыккан айдоочулардын кан басымы текшерилип, авто унаалардын техникалык абалдары көзөмөлдөнүүдө.

Мекеме жарандардын жана туристтердин Ысык-Көлгө баруусуна толук кандуу шарттар түзүлгөнүн, айдоочулардын жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алуусуна жол берилбей турганын билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM