Бишкектин автобекеттеринде Ысык-Көлгө жөнөгөн жарандардын саны көбөйүүдө, буга байланыштуу кошумча каттамдар даярдалды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошумча маршруттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 30га жакын кичиавтобус жана 3 автобус сүйлөшүп, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизди.
Ошондой эле каттамга чыккан айдоочулардын кан басымы текшерилип, авто унаалардын техникалык абалдары көзөмөлдөнүүдө.
Мекеме жарандардын жана туристтердин Ысык-Көлгө баруусуна толук кандуу шарттар түзүлгөнүн, айдоочулардын жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алуусуна жол берилбей турганын билдирет.