Биз менен байланышыңыз

Баткенден ажыга баргандардын тобу кайтып келди

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 290 | 0

Баткенден ажыга баргандардын тобу 13-июль түнү кайтып келди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди..

Алыскы ажылык сапардан келе жаткан жарандар, аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон жана башка себептерден улам, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган учурда ыкчам жардам көрсөтүү максатында облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен «Жардам көрсөтүү» жайлары уюштурулган.

Алар түнү менен иштеп, ажыларга кызмат көрсөттү.

Бул пункттар бүгүн 14-июль күндөрү да иштейт. Анткени ажылардын акыркы тобу мекенине бүгүн эрте менен келди.

Эске салсак, 18-июнда Баткен облусунан 700 жаран, 17 ажы башчы ажылык сапарга жөнөп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM