Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда евронун курсу өсүүдө

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 185 | 0

Кыргызстанда евронун курсу жогорулап жатат. Бүгүн, 14-июлда коммерциялык банктарда бир евронун сомго карата курсу 97, 7 сомдон башталып, 98,7 сомго жетүүдө.

Акча алмаштыруучу жайларда орто эсеп менен бир еврону 98,29 сомго сатып алып, 99,29 сомго сатса болот.

Улуттук банктын расмий курсу – 98,07 сом. Бир суткада өсүш 1,27 пайызды түздү.

Доллардын да сомго карата курсу жогорулап жатат. Америка валютасы учурда 87,4 сомдон башталып, 88,32 сомго жетүүдө.

Расмий курс боюнча бир доллар 87,87 сом (0,01 пайызга өстү).

Кечээ, 13-июлда коммерциялык банктар 95 миң доллар сатып алышты. Маалыматтар күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.

Улуттук банк да 13-июлда интервенция жасап, валюта базарына 43,5 млн доллар сатты. Жыл башынан бери банк жалпысынан 546 миллион 995 миң долларга он жолу интервенция жасады.

Интервенция сомдун долларга карата курсун туруктуу кармоо үчүн жасалат.

Copyright © 2017 Maral FM