Биз менен байланышыңыз

Астанада мушкер сабаган кыргызстандыктын иши териштирилип жатат

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 186 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Казакстандын Астана шаарындагы MEGA Silk Way соода борборунун балдар аянтчасында кыргызстандык жаран сабалганы боюнча окуя көзөмөлгө алынганын билдирди.

Мушкер тарабынан сабалган мекендеш 13-июлда Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине чакырылып, консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

«Бүгүнкү күндө окуя боюнча Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан бардык зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө» , — деп айтылат маалыматта.

Астанада бокс боюнча дүйнө чемпиону Бейбит Шуменов кыргызстандыкты сабап салганы жөнүндө видео социалдык тармактарда тараган. Казакстандын ички иштер министрлиги бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, сабаган адам казакстандык белгилүү мушкер Бейбит Шуменов экенин ырастаган.

Окуя 18-июнда болгон. Жабырлануучунун жактоочусу Канат Тлеужан видео жарыяланганга чейин арыз жазылганына карабай милиция менен прокуратура бул ишке көңүл бурбай келгенин айтып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM