Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясы боюнча үн катты

Кыска кабар | 14 Июл 2023 | 190 | 0

Европа парламенти «Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жөнүндө» резолюция кабыл алды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул резолюцияны күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган чечим деп атады.

Министрлик резолюцияны даярдоодо документтин демилгечилери кыргыз тараптан тактоочу же кошумча маалымат сурабагандыгын белгилейт.

Объективдүү эмес, бир жактуу пикирге негизделген үстүртөн резолюция өлкөгө жана демократияны, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасы көрүп жаткан чараларга кысым көрсөтүү катары караларын билдирди.

«Резолюциянын авторлору, балким, атайылап, “Азаттык Медиасынын” айланасындагы маселенин сот аркылуу чечилгенин, ошондой эле белгиленген мыйзам долбоорлору жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кеӊири чөйрөсүнүн катышуусу менен талкуу этабында гана экенин эске алышкан эмес. Резолюциянын башка бир катар пункттары да таң калтырат, алар объективдүү баа берүүнү жана аларды улуттук мыйзамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бийлик бутактарынын көз карандысыздыгын караштырган мыйзамдарга ылайык чечүү жолдорун чагылдырган эмес» , — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Европарламент маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүү боюнча Кыргызстан боюнча резолюция кабыл алган. 13-июлда Европарламенттин жыйынында резолюцияны 469 депутаттын 320сы колдоду.

Документте 2022-жылдын башынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленген.

Европарламент бул резолюцияны Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлүнө, мүчө мамлекеттерге, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана Кыргызстандын бийлик органдарына жөнөттү.

Copyright © 2017 Maral FM