Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга эки талапкерден арыз түштү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков жана Алмаз Аскар уулу.
Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.
Бул жолку кайра шайлоону ѳткѳрүүгѳ жалпы 13 208,8 миң сом бөлүнгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.