Connect with us

Кайра шайлоо: Эки киши депутаттыкка талапкер болууга арыз берди

Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 264 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга эки талапкерден арыз түштү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков жана Алмаз Аскар уулу.

Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Бул жолку кайра шайлоону ѳткѳрүүгѳ жалпы 13 208,8 миң сом бөлүнгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM