Биз менен байланышыңыз

«Вагнердин» курал-жарак жана техникасы орус армиясына өткөрүлүп берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июл 2023 | 260 | 0

Орусиядагы «Вагнер» жеке аскердик компаниясына тиешелүү курал-жарак жана аскердик техника орус армиясына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 12-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Министрлик 2 миңден ашык аскердик техниканы, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарыларды алган.

Берилген техниканын арасында жүздөгөн оор курал-жарактар: Т-90, Т-80, Т-72 танктары, “Град” жана “Ураган” системалары, “Панцир” зениттик-ракеталык системалары, өзү жүрүүчү 2С1 «Гвоздика», 2С3 «Акация», 2С5 «Гиацинт», 2С4 «Тюльпан» артиллериялык орнотмолору, гаубицалар жана танкка каршы куралдар, минометтук комплекстер, бронетранспортёрлор, БТР жана машиналар бар.

Коргоо министрлиги бул техниканын айрым бөлүктөрү согуштук шарттарда колдонулбаганын белгиледи. Техника жана курал-жарак тылга жеткирилип, алар техникалык тейлөөдөн өтөрү айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM