Министрлик 2 миңден ашык аскердик техниканы, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарыларды алган.
Берилген техниканын арасында жүздөгөн оор курал-жарактар: Т-90, Т-80, Т-72 танктары, “Град” жана “Ураган” системалары, “Панцир” зениттик-ракеталык системалары, өзү жүрүүчү 2С1 «Гвоздика», 2С3 «Акация», 2С5 «Гиацинт», 2С4 «Тюльпан» артиллериялык орнотмолору, гаубицалар жана танкка каршы куралдар, минометтук комплекстер, бронетранспортёрлор, БТР жана машиналар бар.
Коргоо министрлиги бул техниканын айрым бөлүктөрү согуштук шарттарда колдонулбаганын белгиледи. Техника жана курал-жарак тылга жеткирилип, алар техникалык тейлөөдөн өтөрү айтылды.