Биз менен байланышыңыз

«Азаттыкты» жабуу боюнча райондук соттун чечими жокко чыгарылды

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 337 | 0

«Азаттык Медиа» мекемеси Бишкек шаардык сотунун 12-июлдагы чечими боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медианын» ортосунда тынчтык келишими бекитилип, соттук териштирүү токтотулду.

«Азаттыктын» сайты жазгандай, «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу талаш жараткан видео «Эркин Европа/Азаттык» веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык жана интернет мейкиндигинде жогорудагы видеоматериал жок болгондугуна байланыштуу маданият министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

«Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаеванын айтуусунда, талаштуу видео орус тилинде болгондуктан, «Азаттык» үналгысынын кыргызча ресурстарына жарыяланган эмес.

«Биздин мекеменин тийиштүү ресурстарында ал 8-9 айдан кийин сакталбайт экен. Буюрса, бүгүн Европарламентте Кыргызстандагы сөз эркиндигине басым талкууланаар алдында жагымдуу жаңылык болду. Кыргызстан баары бир көп жылдардан бери басып келаткан татаал, бирок прогрессивдүү жолунан кайтпайт деп ишенгибиз келет. Биздин адвокаттарга, кыйын учурда колдогон тараптардын баарына ыраазычылык» , — деди ал.

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланат.

Документте 2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени белгиленет.

Жактоочу Тимур Султанов «Маралга» билдиргендей, тынчтык келишимин эки тарап бирге иштеп чыккан. Талаштуу материал  «Азаттыктын» архивинен жеткиликтүү болбойт калат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 12-июлда «Азаттык Медиа» мекемеси чек арадагы окуя жөнүндө материалды бардык ресурстарынан өчүрүп, соттук териштирөөлөр токтогонун кабарлады.

«Анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу Маданият министрлиги менен «Азаттык Медиа» бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, «Азаттыкка» карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат. Тийиштүү тынчтык келишими 12-июлда Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди» , — деп айтылат маалыматта.

Быйыл 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесине каршы арызын канааттандырып, судья Чолпон Каримбаева «Азаттык Медианын» кыргыз редакциясынын ишин токтотуу боюнча чечим кабыл алган.

«Азаттыктын» жактоочулары бул чечимге каршы аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Өткөн жылы 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн.  Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтында 2022-жылы сентябрда болгон Баткен окуясы тууралуу материалы негиз болгон.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM