Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Боршайком 12-июлдагы жыйынында кайра шайлоону уюштуруу маселесин карайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.