Марал Радиосу

Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоонун күнү белгиленди

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Боршайком 12-июлдагы жыйынында кайра шайлоону уюштуруу маселесин карайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Exit mobile version