Connect with us

Аба ырайы: Күн 41 градуска чейин ысыйт

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 285 | 0

12-14-июлда күн катуу ысыйт. Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

Мындай кургак ысыкта ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

13-июлда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+14,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +20…+22°, күндүзгү жогорку температура +38…+40° болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM