12-14-июлда күн катуу ысыйт. Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы мүмкүн.
Мындай кургак ысыкта ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
13-июлда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+14,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү төмөнкү температура +20…+22°, күндүзгү жогорку температура +38…+40° болот.