Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы чектөөлөрдүн убактысы айтылды

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 1395 | 0

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда тоннелдин ичиндеги жолду оңдоп түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу 12-июлдан 18-июлга чейин жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдиргендей, тоннелдин ичин убактылуу жабуу убактылары төмөнкүдөй түзүлдү:

-таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин;

-10:00дөн 12:00гө чейин;

-14:00дөн 16:00гө чейин.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашууда унаалардын каттамына чектөөлөр кийинки жумадан тарта киргизилерин билдирген.

Министрлик унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин чектөөлөр киргизилерин жана тоннелдин жабылуу, иштөө убактылары такталып жатканын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM