Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинети бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштырат

Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 125 | 0
Финансы министрлигинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын I жарым жылдыгында республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү.

6 айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик башкаруу секторунун ресурстары 257,6 млрд сомду түздү. Финансы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин быйылкы жылдын I жарымындагы аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, дүйнөдөгү саясий кырдаалга карабастан, 6 айда бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 176,7 млрд сомду түзүп, белгиленген план 108,4%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 130,4% түздү.

Биринчи жарым жылдыкта салыктык түшүүлөр 132,2 млрд сомду түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 126,4%ды түздү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жүргүзүлгөн фискалдык реформалардын аркасында бюджеттин киреше бөлүгүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгиледи.

«Салыктын дээрлик бардык түрлөрүнөн түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү байкалууда. Көрүлгөн аракеттердин аркасында салыктык кирешелерди башкарууда тартип орнотулду. Кийинки кадам бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жана чыгашалардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен тартипке келтирүү», — деди ал.

Жыйындын жыйынтыгында ушул жылдын II жарым жылдыгына бюджетти пландаштыруу жана фискалдык чөйрөнү реформалоо боюнча мындан аркы кадамдарга байланыштуу протоколдук тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM