Connect with us

Жыл башынан бери орточо айлык акы 31 миң сомду түздү

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 488 | 1

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-май айларында орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 11-июлдагы маалыматында айлылат.

Айлык акынын көлөмү 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32%га өскөн.

Анын ичинде искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, жүк ташуу жана сактоо тармагы, ошондой эле саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында айлык акылардын жогорулаганы байкалган.

Ал эми Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү январь-июнь айларында алдын ала эсептөөлөр боюнча 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9%га өстү жана 453 млрд сомдон ашты.

Ички дүң продукциясынын көлөмүнүн өсүшүнө өнөр жайдагы оң көрсөткүчтөр салым кошкон. 2023-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 207 миллиард сомду түзүп, 2022-жылдын алты айына салыштырмалуу 0,4%га өстү.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM