Connect with us

Бишкек мэриясына жарым жылда 2,5 миң кайрылуу түшкөн

Кыска кабар | 10 Июл 2023 | 145 | 0

Бишкек мэриясына 2023-жылдын биринчи жарымында жарандардан жазуу жүзүндө 2 миң 507 кайрылуу келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24%га аз. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 2385 контролдук кайрылуу каралды, алардын 122си аткарылууда.

Кароонун жыйынтыгы менен 76 маселе толук канаттандырылды, 5 маселе жарым-жартылай канааттандырылды, 1895 маселе такталды, 409 маселе тиешелүү бөлүмдөрдүн кароосуна жөнөтүлдү.

«Жарандардан түшкөн суроолордун көбү турак жай жана жер тилкелерин берүү, турак жай-коммуналдык чарба, материалдык жардам көрсөтүү, жер талаштары, жолдорду куруу жана оңдоо, транспорт тармагы, кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу маселелери болду», — деп белгилешти мэриядан

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM