Connect with us

Британияда мезгилдик жумуштарда иштегендердин коопсуздугу талкууланды

Кыска кабар | 8 Июл 2023 | 307 | 0

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Улуу Британиянын Миграция боюнча консультативдик комитетинин өкүлдөрү менен мезгилдик жумуштарда иштеген кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулады.

ИИМден билдиришкенжей, жолугушууда Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү КМШ мамлекеттеринин аймактарында иштеп келет, ал эми акыркы жылдары Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Улуу Британияда да мигранттардын саны жогорулашы байкалууда.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары Ички иштер министрлиги конструктивдүү диалогго жана кызматташууну мындан ары чыңдоого дайым даяр экендигин айтты.

Белгилей кетсек, аталган комитет Улуу Британиянын Өкмөтүнө миграция маселелери боюнча кеңеш берүүчү көз карандысыз орган болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM