Connect with us

Иммунопрофилактика борборуна заманбап жабдуулар тапшырылды

Кыска кабар | 8 Июл 2023 | 173 | 0

ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен Республикалык иммунопрофилактика борборуна заманбап жабдуулардын жети комплекти берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жабдуу COVID-19 пандемиясы сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда координацияны жакшыртып, адистерди аралыктан окутуу үчүн бардык облустук борборлорду туташтырууга жардам берет. Вакцинация жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (ВИГА) CDS-2 долбоорунун алкагында берилген жабдуулардын жалпы наркы 2,5 млн сомдон ашык.

Гүлбара Ишенапысованын айтымында, бул жабдуу калктын вакциналарга болгон ишенимин арттыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жардам берет.

ЮНИСЕФ COVID-19га жана башка ооруларга каршы эмдөөнү жайылтууда Кыргызстанга көрсөткөн колдоосун улантууда. ЮНИСЕФ вакциналарды сактоону жакшыртууга, санариптик чечимдерди киргизүүгө, медициналык кызматкерлерди окутууга жана вакциналарды сатып алууга жардам берип келатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM