Биз менен байланышыңыз

Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 7 Июл 2023 | 535 | 0

Кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ички иштер министрлигинин каттоосунда турган Н.С.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Колго түшкөн жаран 2021-жылдын сентябрь айында бир адамдан Мерседес S500 үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп, тартып алганы маалымдалды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Атайын кызмат кармалган адам кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM