Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Зеленскийди Түркияга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2023 | 274 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга барат. Анда мөөнөтү 17-июлда аяктай турган дан келишимин узартуу, украин кризисин чечүү маселелери жөнүндө сөз болот.

Бул тууралуу Түркиянын Sabah басылмасы жазды.

Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу келишим быйыл май айында дагы эки айга узартылган.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, Зеленскийдин сапары Беларус президенти Александр Лукашенконун Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн күзүндө баштоо мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүнүн фонунда болот.

Басылманын Түркиянын саясий чөйрөлөрүндөгү булактарынын айтымында, Эрдоган аны көңүл сыртында калтырбайт жана тынчтык келишимине жетишип, Орусия менен Украинанын жетекчилигинин жолугушуусу үчүн аянтча катары дагы бир жолу өз өлкөсүнүн аймагын сунуштайт.

Зеленскийдин сапары 11-12-июлда Вильнюс шаарында өтө турган НАТОнун саммитинин алдында болоору менен да өзгөчөлөнүп турат, анда Украина маселеси күн тартибиндеги негизги темалардын бири болот. Түркия Түндүк Атлантикалык келишим уюмунун эң эски мүчөлөрүнүн бири жана альянсты кеңейтүүдө ачык эшик саясатын жүргүзөрүн бир нече жолу билдирген.

Эрдоган менен Зеленский акыркы жолу 2022-жылдын августунда Львовдо жолугушкан. Жолугушууга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш да катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM