Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Жидда туруктуу аба каттамы сентябрда ачылат

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 98 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту Бишкек шаарынан Сауд Арабиянын Жидда шаарына туруктуу аба каттамы ачыларын билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясы Жидда-Бишкек-Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачат.

Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Ушул эле  Flynas авиакомпаниясы 21-августтан тарта Жидда-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат.

Падыша Абдулазиз атындагы эл аралык аэропортунан каттамдар “Ош” эл аралык аэропортуна жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү) жана “Манас” эл аралык аэропортуна дагы үч жолу (шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү) аткарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM