Биз менен байланышыңыз

Жасалма диплом. Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов мандатынан ажыратылды

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 344 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы жыйынында «Альянс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Фарходбек Алимжановдун жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тапшырмасы менен билим берүү министрлигинде депутаттын дипломунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын маалыматына караганда, жогорку билими тууралуу диплом Фарходбек Алимжановго ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген, анткени ал 2012 жана 2015-жылдары өлкөдөн тышкары жүргөндүктөн экзамендерди кайра тапшыра алган эмес, муну Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматыны маалыматы да тастыктайт.

Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун диплому боюнча комиссия буларды аныктады:

Фархат Исмаилов Кыргыз улуттук университетинин «бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигине кабыл алынган студенттердин катарына катталган эмес.

Былтыр 8-апрелде Жогорку Кеңештеги «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов жасалма диплом алууга шектелип жатканы кабарланган. Борбордук шайлоо комиссиясына маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берген.

Депутат Фарходбек Алимжанов жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар деген маалыматтарды четке кагып, 2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин бүтүрүп, бакалавр даражасын алганын айткан.

Фархат Исмаилов да диплому жасалма эместигин билдирди. Ал Кыргыз улуттук университетинде, андан кийин өкмөткө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында окуган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM