Биз менен байланышыңыз

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого балл аныкталды

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 3504 | 1
Иллюстрациялык сүрөт

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы — 115, предметтик тест — 60 болуп бекиди.

Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110, предметтик тест – 60 балл.

I жана II топтогу майыптыгы бар жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест -100 балл болуп бекитилди.

Жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

1 пикир

1 пикир

  1. Муса

    07.07.2023 02:29

    Босого балл боюнча акыркы абзацты тушунбой койдум.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM