Биз менен байланышыңыз

Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылат

Кыска кабар | 6 Июл 2023 | 190 | 0

Жакында Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги расмий ачылат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Азымбакиевдин билдирүүсунө ылайык, президент Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларациясына, ошондой эле экономика, санариптештирүү, айыл чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, токой экосистемаларын өнүктүрүү ж. б. чөйрөлөрүндө кызматташуу жөнүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

Элчиликти ачуу боюнча буйрукка Садыр Жапаров ушул жылдын май айында кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM