Биз менен байланышыңыз

Өнүктүрүү банкы MEGAны өзүнө өткөрүп алабы?

Саясат | 6 Июл 2023 | 732 | 0

«Альфа Телеком” ишканасы сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги «Альфа Телекомду» сатыкка чыгарган. Эми аукционго Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом деп белгиленген. «MЕГА» мобилдик байланыш компаниясын сатыка коюу жана Өнүктүрүү банкына өткөрүү коомчулукта кайрадан кызуу талкууга алынды. Башкарууну алмаштыруу менен эмне өзгөрөт? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдиргендей, 4-июлда «Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын 100 пайыз толук пакети аукционго коюлду. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сомго бааланып, аукцион 2-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар 2-октябрь саат 10:00гө чейин кабыл алынат.

Маалыматта айтылгандай, компаниянын 8,7 миллион даана акциясы мамлекетке таандык. Ал 2G, 3G жана 4G стандарттарында уюлдук мобилдик радиотелефон байланышын жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтөт, ошондой эле телекоммуникациялык тармактарды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана фискалдык маалыматтар оператору боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бул билдирүүсүнөн кийин көп өтпөй президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазды.

«Мамлекеттин «Альфа Телекомго» байланыштуу пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө».

Өткөн жылдын аягында «Альфа Телекомду» сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Анда «Мега» мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.

«Мега» Өнүктүрүү банкына мүлк түрүндө өткөрүлүп берилбей тургандыгын Мүлк фондунун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башчысы Замир Бугубаев билдирди. Анын айтымында, «Меганы» Өнүктүрүү банкынан башка сатып алуучуларга дагы мүмкүнчүлүк бар. Сатуу процесси ачык-айкын өтүп, шарттарды толук аткарган жана эң жогорку бааны сунуштаган жеке же юридикалык жак сатып ала алат.

«Эгерде жеке же юридикалык жактар «Мега» компаниясын сатып алууга кызыкдар болсо, Өнүгүү банкына караганда жогорку бааны сунуштай турган болсо, аларда сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Өкмөттө бул ишкананы Өнүктүрүү банкына берүү саясаты бар болчу. Бирок мыйзамдарга ылайык, биз ал банкка бекуер берип кое албайбыз. Анткени алар менчиктин формасы боюнча жеке жак болуп саналат. Ошол эле учурда Өнүктүрүү банкынын уставдык капиталына дагы берип коюу мүмкүн эмес экен. Анткени Өнүктүрүү банкын түзүп жатканда мыйзамдарга ылайык, аларга акчак каражат түрүндө гана салым катары кошконго мүмкүн. Мүлк түрүндө бергенге болбойт. Ошол себептен алар дагы аукционго катышып, сатып алганга мүмүнчүлүгү бар», — деди ал.

Экономист Искендер Шаршеев мамлекеттин башкарууну алмаштыруусу менен көп деле өзгөрүү болбойт деп эсептейт. Анткени ал анын буга чейин басып өткөн жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды көргөндүгүн айтат. Шаршеев белгилегендей, «МЕГА» «саан уй» болгондуктан, дайыма өлкөдөгү күчтүү топтор аны башкарууга катышканга аракети кылышат.

«Жалпак тил менен салыштырып айтканда «МЕГА» «саан уй» . Бүгүнкү күндө анын кирешеси азайса дагы, интернеттин мааниси жогорулагандыктан барыбир пайда алып келе турган ишкана. Биздеги негизги маселе мамлекеттик ишканаларды депутаттар, министрлер, чоң кызматтагылар кийлигишип, жакын туугандарын кызматка койгонго аракет кылышат. Эгерде башчысы бекем менеджер болсо, мыкты адистерди жумушка алат. Эгерде андай болбосо, туугандар, достор аралышып, башкара албай калат. Аны менен ишкананын көрсөткчтөрү начарлай баштайт. Негизи Кыргызстанда мамлекетитик ишкананы башкаруу кыйын. Анткени өлкөдө антикоррупциялык мыйзамдар иштебейт. Ошол эле учурда элдин адеп-ахлагында өзүн-өзү коррупцияга каршы алып жүрүү адеби жок. Ошондуктан мамлекеттик мүлктөрдү жаңы технологиялар менен иштеген, эл аралык деңгээлде кадыр барктуу, ак иштеген ишкерлерге бериш керек». 

Ушул жылдын июнь айында «Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азат Базаркулов «коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалса, март айында «Мегакомдун» мурдагы жетекчисинин орун басары ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу фактысынын негизинде кармалып, 20 миллион сомго жакын зыян келтирилгени аныкталган. Ал эми өткөн жылдын мартында «Мегаком» компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов пара алууга шектелип кармалган. Эксперттер өлкөдө коррупция жогору болгондуктан эгемендүүлүктөн бери бир дагы мамлекеттик ишкананын иши ийгиликтүү болбогонун айтып келишет.

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек өлкөдө коррупциядан тышкары мамлекеттик менеджменттин стандарттарга жооп бербей тургандыгын белгиледи. Анын пикиринде, ишкананы жеке жактарга сатпаса, аягы банкрот менен жыйынтыкталышы мүмкүн.

«Бул ишкананы сатыш керек. Бизде «сатыш керек» дегенде эле «мамлекетте калганы жакшы» дешет. Кыргызстанда мамлекеттин карамагында болгон жакшы кандай ишкана бар? Мамлекеттин колунда болсо эле жакшы болуп кетпейт. Тескерисинче, мамлекеттин колунан чыгарып, эл аралык ишканаларга сатса жакшы болот. Эмне себептен каршы чыгышат? Себеби буга чейинки ишканаларды менчиктештирүү ачык-айкын өткөн эмес. Ишкананы банкрот деп  жарыялашып эле, бирөөлөргө менчиктештирип берген. Ошондуктан эл менчиктештирүүгө каршы. Эми мамлекет бул процессти башкарбай, эл аралык консалтинг компанияларды чакырып, менчиктештирүү процессинде аларды жалдаш керек. Бул ишкананы ачык-айкын, эл аралык базарга да чыгарса, репутациясын жоготпой, андан ары иштеп кете турган бир компанияга тапшыруу толук ыктымал. Мамлекет менчиктештирүүнү дагы, сатууну дагы ийгиликтүү ишке ашыра албайт. Мамлекет сатууну июштуруп жаткандыгы үчүн дүйнөдөгү ири компаниялардын муну сатып алууда тобокелчиликтери көп. Себеби бийлик, мыйзамдар алмашып кетип жатат. Ошондуктан ири сатып алуучу компания булар менен сүйлөшө турган адекваттуу тарапты таппай жатат. Мындан улам, эл аралык сатууларды уюштуруп келген ишенимдүү компанияларга берсек, ошол жерде шарттары сүйлөшүлүп, ошол жерде келишимдер сакталат. Биздин өлкө өзү сатууну ишке ашыра албайт».

11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аталган компания 14,6 миллиард доллар болуп баалангандыгын билдирген. Анда ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссия бул бааны туура деп тапкан чечимин өкмөткө жөнөткөнүн, өзү каршы добуш бергенин айткан.

«Кыскасы, мамлекеттик ишкананын баасы бычылды. Мен комиссиянын мүчөсү катары “каршы” добуш бердим. Бул баасына байланыштуу эмес. «Мегакомду» сатууда күмөндүү иштерге аралашкан Ширшовдун жакындары жүрөт. Ширшовдун колуна «Мегакомду» карматканы турабыз. Министрлер кабинети Өнүктүрүү банкын түзгөн. Аны бир жыл мурун Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец деген айым башкарып жатат. Эми «Мегакомду» ошол Судец, Ширшовдор биригип алып, коррупциялык система иштеп жатышат. Булар өзүбүздөн Өнүктүрүү банкына «Мегакомду» алып, Ширшов башкарып жатат».

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жыл башында да социалдык тармактагы баракчасына MEGA компаниясы жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтпөй турганын жазган.

MEGA компаниясы Кыргызстандагы эң ири мобилдик байланыш оператору. MEGA уюлдук тармагы 2006-жылы 28-апрелде ишке киришкен. Бүгүнкү күндө ишкананын 100% акциясы мамлекетке таандык.

Copyright © 2017 Maral FM