Connect with us

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын 60%ы босого баллдан өттү

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 585 | 0

2023-жылы өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 29 миң 799 адам же катышуучулардын 58,3 пайызы 110дон жогору балл алды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпы республикалык тестке өлкө боюнча 51 миң 73 адам катышкан.

Бул жылы тестирлөөдөн эң көп 236 балл алышты, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упайды түздү.

Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылы башталган. 2012-жылдан тарта менчигинин түрүнө карабастан атайын адистештирилген окуу жайлардан тышкары бардык жогорку окуу жайга, бардык бөлүмгө (күндүзгү-гранттык жана контракттык, дистанттык) студенттерди ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу милдетүү түрдө киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM