Connect with us

6-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 228 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 6-июлга караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Бишкек шаарында өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM