Биз менен байланышыңыз

Зеленский Саакашвилини Украинага дарыланууга жөнөтүүнү талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2023 | 312 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге дарылануу үчүн Украинага барууга уруксат берүүнү талап кылды. Ал Саакашвилинин  украин жарандыгы бар экенин эске салды.

Зеленский Тышкы иштер министрлигине Грузиянын Киевдеги элчисин чакырууну буюрду.

Зеленскийдин мындай билдирүүсүнө Саакашвилинин иши боюнча 3-июлдагы кезектеги отурум себеп болду. Ага Грузиянын мурдагы президенти ооруканадан видеобайланыш аркылуу катышты. Видеодо Саакашвили өтө арык көрүнөт. «Азаттык» радиосунун грузин кызматы билдиргендей, саясатчы сөзүн украин тилинде баштап, андан соң саясий билдирүүлөрдү жасап, парламенттин спикери Шалва Папуашвилиден «мындай абалга алып келгени үчүн» кечирим суроосун талап кылган.

Зеленский Твиттерге «Орусия грузин бийлигинин колу менен украин жараны Михаил Саакашвилини өлтүрүп жатат» деп жазды. Ал Киев Тбилисиден Саакашвилинин Украинага кайтып келишине макулдук берүүнү бир нече жолу суранганын жана батыш өнөктөштөрү өз варианттарын сунуштаганын эске салды.

Украинанын жарандыгын алган Саакашвили 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM