Биз менен байланышыңыз

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Иш сотто каралууда

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 78 | 0

Ош шаарында быйыл 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү боюнча иш сотто каралууда. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш иш шаардык соттун өндүрүшүнө 3-майда кабыл алынып, алдын ала соттук кароо 12-майда болгон.

«Кылмыш иш соттук кароо стадиясында», — деп билдиришти соттон.

Кийинки отурум 29-июнда өтөт.

Бул иш боюнча кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 122 (адам өлтүрүү), 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү), 262 (кылмыштуу коомдоштукту түзүү), 367-беренелери (кылмышты жаап жашыруу) боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Буга чейин Ош шаардык ооруканасынан билдиришкендей, арматура менен сабалган жаран 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган. Ооруканадан чыккандан кийин ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулу, Акылбек Раимберди уулу, Курсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган.

30-мартта бул иш боюнча тогузунчу шектүү кармалганы кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM