Connect with us

Нурсултан Назарбаевдин дагы бир макамы алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 357 | 0

Казакстандын туңгуч президенти НурсултанНазарбаев «Назарбаев университети», «Назарбаев интеллектуалдык мектептери» жана «Назарбаев фондунун» жогорку башкаруу кеңешинин төрагасы макамынан ажыратылды.

Бул өлкөнүн парламенти «Казакстан Республикасынын айрым мыйзамдарындагы кесиптик даража, мамлекеттик сыйлыктар, билим берүү маселелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамын кабыл алгандан кийин ишке ашты.

Жаңы кабыл алынган эрежеге ылайык, «Назарбаев университети», «Назарбаев интеллектуалдык мектептери» жана «Назарбаев фондуна» ээлик кылуу же башкаруу Казакстандын президентине өтөт. Бул дегени аталган мекемелер мындан ары президенттин фондунан каржыланат. Буга чейин аталган мекемелердин башкаруу кеңешинин төрагасы Назарбаев болуп, ага бөлүнгөн каражаттар да Назарбаевдин фонду аркылуу келип турган.

Казакстандын Сенаты кабыл алган мыйзамга ылайык, эми аталган мекемелердин башкаруу кеңешинин төрагалыгына кайсы бир президенттин аты жазылбайт, мыйзамда «Казакстан Республикасынын президенти» деп көрсөтүлөт. Каржылоо да түз президенттик фонд аркылуу которулуп турат.

Буга чейин февраль айында Нурсултан Назарбаевдин «Эл башы» макамы алынган болчу. Анда учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев «Биринчи президент жөнүндө» мыйзамды жокко чыгарууга кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM