Биз менен байланышыңыз

Түркмөнбашы 66 жашта. Уулу атасынын аты коюлган жаңы шаар белек кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 1219 | 0

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 29-июнда 66 жашка чыкты.

Бул дата Түркмөнстанда кеңири масштабда белгиленип, анын атынан коюлган Аркадаг шаарынын салтанаттуу ачылышы болду.

Жаңы шаардын ачылышына учурдагы президент, Түркмөнбашынын уулу Сердар Бердымухамедов катышты. Майрамдык салтанат Ахалтеке ат спорту комплексине тийиштүү майданда башталган.

Аркадаг шаары — Ахал облусунун административдик борбору болуп, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Болжолдуу 70 миң киши жашай турган жаңы шаар борбор Ашхабаддан 30 км алыстыкта жайгашкан. Аянты 950 гектар.

Майрамдык салтанатта Гурбангулы Бердымухамедов катышкан эмес. Бейрасмий маалыматтарга караганда ал Меккеге шаарына кеткен. Учагы Жидда шаарына конгону айтылган.

Түркмөнбашы өзүнүн туулган күнүнө карата «Жашоомдун маңызы» китебинин уландысы катары «Жашоомдун мазмунунун уландысы» аттуу китебин чыгарды. Анда Түркмөнстандын ички жана тышкы саясаты, жаштар, коомду өнүктүрүү тууралуу сөз кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM