Биз менен байланышыңыз

Бишкекке жакын жерде жол кырсыгынан үч өспүрүм каза болду

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 131 | 0

26-июнь күнү түндө Бишкекке жакын жерде жол кырсыгынан 3 өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык саат 21:45те Бишкек эркин экономикалык аймагына бараткан жолдогу Мараморное айылында болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, «Тойота-Калдинанын» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан 20 жаштагы А.У.А. жолдун 29-чакырымында рулду башкара албай калып, бетонду сүзүп алган. Ал мас абалында болгон деп айтылды.

Кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы Б.А.З., 16 жаштагы Н.Н., 17 жаштагы С.З.Б. аттуу жүргүнчүлөр каза болду. Ал эми 17 жаштагы И.Ш.Ж. менен И.А. аттуу жүргүнчүлөр Сокулук районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM