Connect with us

Жапаров: Биз «Кыргызстан — кедей өлкө» деген стереотипти жойдук

Кыска кабар | 29 Июн 2023 | 279 | 0

Бишкекте Креативдүү өндүрүш паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров да катышты.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, кыргыз бийлиги бир катар терс божомолдорго карабай, өлкөдө экономиканын стабилдүү жана ишенимдүү өсүүсүн камсыздай алган. Ошондой эле дүйнөгө Кыргызстандын колунан келе турганын далилдей алды, — деп айтылат маалыматта.

«Биз Кыргызстан — кедей өлкө деген стереотипти жойдук, азыр биздин өлкө кыймылдаткыч күчкө ээ. Өлкөбүздүн дээрлик 50%ын жаштар түзөт. Айрыкча креативдүү өндүрүш жаатында да биздин өлкө алдыга чыкты», — деп билдирген Акылбек Жапаров.

Ал Кыргызстанда креативдүү өндүрүш жакшы өнүгүп жатканын, анын бири D Billions чыгармачыл тобу экенин мисал келтирген. Ошондой эле өлкөдөгү бардык креаторлорду бир аянтчага биригүүгө чакырып өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM