Биз менен байланышыңыз

«Социалдык келишим» долбоору бир жылда 12 миңден ашуун үй-бүлөнү камтыды

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 108 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, президенттин жакырчылыктан чыгуу демилгеси – социалдык келишим, 2022-жылдан бери өлкө боюнча 12,8 миң жакыр үй-бүлөнү камтыды.

Социалдык контракттын ишке ашырылышын коштоону, жалпы координациялоону жана контролдоону жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жүзөгө ашырат.

Облустук маанидеги шаарларда жана Ош шаарында — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары.

Облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын администрация башчылары, мэрлери тиешелүү аймакта социалдык контракттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

Социалдык келишимдин катышуучуларын коштоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
•социалдык адаптациялоо программасын же бизнес-планды/долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон маселелер боюнча консультация жана колдоо;
•окутууну жүргүзүүгө көмөктөшүү;
•товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга көмөктөшүү;
•катышуучу өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өткөн жылдагы социалдык келишимди ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарды.

Министрликтин маалыматы боюнча, катышуучулардын 96% киреше алышат, калгандарынын кирешелерине сезондуулук жана форс-мажордук жагдайлар таасир этет. Катышуучулардын кирешеси жумасына 500дөн 10 миң сомго чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM