Биз менен байланышыңыз

29-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Июн 2023 | 440 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 29-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 29…31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM