Connect with us

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2023 | 253 | 0

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү бүгүн, 28-июндан 5-июлга чейин созулат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШК 20-июнда кабыл алган токтомго ылайык, шайлоо тилкелери иш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү 11:00дөн 17:00гө чейин ачык болот.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө шайлоо күнү жашаган аймагында боло албай турган жарандар катыша алат. Бул үчүн алар шайлоо күнү эмнеге добуш бере албай тургандыгынын себебин жазып, аймактык шайлоо комиссияларына арыз жазуусу керек болот.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү укугуна ээ болгон жарандар бюллетенди жашыруун добуш берүү бөлмөсүндө толтурат. Ал атайын конвертке салынып, аймактык комиссиянын эки мүчөсү кол коюп, мөөр басылат. Андан соң сактоо үчүн жергиликтүү шайлоо комиссиясынын сейфине салынат.

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июлда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM