Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда логистикалык борбор курулат

Кыска кабар | 28 Июн 2023 | 212 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 1,4 гектар аянтка логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулду.

Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө чоң пайда алып келери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM