Биз менен байланышыңыз

Нарын облусунда «Кыргыз шырдагы» фестивалы өтөт

Кыска кабар | 27 Июн 2023 | 244 | 0

28-29-июнь күндөрү Нарында «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фетивалы өтөт. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маданий иш-чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги «As A Nomad» этнокомплексинде болот. Фестивалга барууну каалагандар үчүн иш-чара өткөрүлө турган аймакка атайын каттам уюштурулат.

«28-июнь күнү эртең мененки саат 09:00дон кечки саат 22:00го чейин Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынан Кара-Бүк аймагындагы «As A Nomad» этнокомплексине чейин 2 чакан автобус эл ташыйт», — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн «Салкын-Төр» эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

29-июнь күнү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM